Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Айтматовдун эл аралык клубунун кезектеги сыйлыктары тапшырылды


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Айтматовдун эл аралык клубу менен Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясы адабият, маданият жана илим тармагында иштегендерге "Академик" деген наам менен сыйлык тапшырды. Салтанат 12-февралда Бишкекте өттү. Татыктуулар 2014-2018-жылдардагы жыйынтык боюнча тандалды.

Бул жолу аталган Эл аралык Чыңгыз Айтматов сыйлыгынын адабият жана искусство тармагындагы лауреаттары:

Раев Султан – жазуучу, "Топон" романы үчүн;

Бакытбек Мукул - актёр, киносценарист, кинорежиссёр, "Ата керээзи" тасмасы үчүн;

Анара Сыдыгалиева – актриса, "Саманчынын жолу" спектаклинде башкы каарман Толгонайдын ролун аткарганы үчүн;

Нурканбек Турсунбаев – театр жана кино актёру, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизиндеги спектаклде жана кинодо роль жаратканы үчүн;

Мирзажон Азизов – Өзбекстандын эл артисти, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде койгон оюндары үчүн (Мукими атындагы Өзбек мамлекеттик драма театрынын көркөм жетекчиси);

"Учур" театры – "Кыямат" жана "Жаабарс" спектаклдеринде мыкты роль жаратканы үчүн (Театрдын режиссеру Ш.А.Шейшенов, артисттер Б.И.Асанова, Ч.Б.Мамаев, Н.А.Копоев, А.К.Ажыканова, И.З.Токтокожоева) болду.

Ал эми: Иса Габибели - академик, филология илимдеринин доктору (Азербайжан);

Мейлибаев Ахмаджон Мейлибаевич - филология илимдеринин доктору, профессор (Өзбекстан);

Миннуллин Ким Мугаллимович - филология илимдеринин доктору, профессор (Татарстан);

Бакашова Жылдыз Кемеловна – филология илимдеринин доктору, профессор (Кыргызстан) Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясынын академиги болуп табылды.

Айтматовдун эл аралык клубу менен Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясы 1991-жылдан бери ар төрт жыл сайын адабият, маданият жана илим тармагында эмгектенгендерге "Академик" наамын жана сыйлык тапшырып келет. Алгачкы лауреаттары француз жазуучусу Луи Арагон, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов, сүрөтчү, киноактер Сүймөнкул Чокморов болушкан. (ZA)

XS
SM
MD
LG