Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Ташкент аэропортунда турган кытайлык казак Баңкокко жиберилди


Галымбек Шагымандын паспорту.
Галымбек Шагымандын паспорту.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, кытайлык казак Галымбек Шагыман Ташкент эл аралык аэропортуна келип, бирок транзиттик зонадан өтө албай, 9-февралда Баңкокко учуп кеткен. Мекеме билдиргендей, Шагыман буга чейин Ташкент аркылуу Алматыга учкан.

Кытайлык казак өткөн аптада Ташкент аэропортунан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана эл аралык коомчулукка Интернет аркылуу видео кайрылуу жиберип, аны Кытайга кайтарбоону суранган. Ал жакта өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан.

Расмий Ташкент Шагыманды экстрадициялоо тууралуу Бээжинден өтүнүч келгенин ырастай элек. Анын Интернетте жарыяланган паспортунун көчүрмөсүндө ал Шинжаңдын тургуну жана 41 жашта экени, Ташкентке Таиланддан келгени көрсөтүлгөн.

Кытайда уйгурлар менен кошо кыргыз-казактардын да укугу бузулуп жатканы, алар саясий лагерлерде негизсиз кармалып турганы тууралуу кабарлар 2017-жылдын жаз айларынан бери токтобой келет.

Расмий Бээжин мындай дооматтарды толугу менен четке кагып, тарбия лагерлерин кытай тилин жана кесип үйрөтүүчү кадыресе борборлор катары мүнөздөп жатат.

XS
SM
MD
LG