Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Манас жана Айтматов академиясы түзүлөт


Президент Жээнбеков улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесинде. Бишкек. 12-декабрь, 2018-жыл.
Президент Жээнбеков улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесинде. Бишкек. 12-декабрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда кол койду. Жарлык “Манас” эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөөнү максат кылат.

Жарлыкта кыргыз тилинин жана "Манас" эпосунун тарыхый жана бүгүнкү ээлеген орду баса белгиленип, ошондой эле 2018-жылдагы Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын дүйнөлүк лидерлерге, мамлекет башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство ишмерлерине кайрылуусун эске алуу менен Улуттук академия түзүлүп жатканы айтылган.

Улуттук академия эл аралык гуманитардык программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында дүйнөлүк маданияттын ишмерлеринин диалогдору жана жолугушуулары өтүүчү аянтча катары Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин камсыз кылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганы жөнүндө былтыр, 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирген.

XS
SM
MD
LG