Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

“Чек арасыз кабарчылар” Меркелди Өзбекстандагы сөз эркиндигине көңүл бурууга чакырды


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюму Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда бул өлкөдөгү маалымат каражаттарынын эркиндигин кеңейтүү маселесин козгоого үндөдү.

Уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда Интернет катуу көзөмөлгө алынган, көптөгөн эркин веб-сайттарга бөгөт коюлган, бул өлкөнү сындаган журналисттер болсо Өзбекстанга киргизилбейт.

“Чек арасыз кабарчылар” бийликке Мирзиёев келгенден бери түрмөдөн журналисттер бошотулганын, бирок бул жөн гана жакшы көрүнүү аракети экенин белгилейт.

Эл аралык уюм адилетсиз түрдө журналисттерди камап, кыйноого алгандарды жазалап, жөнү жок түрмөдө отургандарды бошотууну талап кылууда.

“Чек арасыз кабарчылар” басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турарын белгилейт.

Мирзиёевдин Германиядагы сапары 20-январдан 22-январга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG