Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Кытай мигранттарына каршы митингге чыккандар Жогорку Кеңешке кирүүгө аракет кылышты


17-январдагы митинг. Бишкек, Ала-Тоо аянты.
17-январдагы митинг. Бишкек, Ала-Тоо аянты.

Митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмак болгон өкүлдөрдү милиция Жогорку Кеңешке киргизген жок. Митингчилер өздөрүнүн милиция тарабынан кармалган активисттерин бошотууну, кытай мигранттарына эмгек квотасын азайтууну, паспортко "улуту" деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткан активисттерди куугунтуктоону токтотууну, кыргыз кыздарына чет элдик жарандарга турмушка чыгууга тыюу салууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылып жатышат.

Бул талаптардын айрымдары 7-январдагы митингде да айтылган.

Байкоочулардын болжолдуу эсебинде акцияга 500дөй киши катышууда.

17-январдагы митингде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, Интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экенин айтып, Кыргызстанга кирген кытай жарандары мыйзамдуу тартипте киргенин билдирди. Митингчилер "кытайлар иштеп жаткан ишканаларга барып көрөлү" деген өтүнүч айтышты.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов митингдин кармалган катышуучулары сурак беришип, кайра кое берилгенин "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда кармалгандар 7-январда козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө беришкен. Мекеменин басма сөз катчысы ал кылмыш иши кандай факт боюнча, кайсы берене менен козголгонун ачык айта элек.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат. (KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG