Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Мьянма соту камактагы журналисттердин арызын четке какты


Полиция "Reuters" агенттигинин журналисти Ва Лонду өкүм угузулгандан кийин сот залынан чыгарып баратат, Янгон, 3-сентябрь 2018-жыл.
Полиция "Reuters" агенттигинин журналисти Ва Лонду өкүм угузулгандан кийин сот залынан чыгарып баратат, Янгон, 3-сентябрь 2018-жыл.

Мьянманын соту "Reuters" жаңылыктар агенттигинин жети жылга абакка кесилген кабарчыларынын доо арызын четке какты.

"Мыйзам боюнча, баштапкы өкүм туура эмес болду дегенге негиз жок. Сот арызды четке кагат", - деп билдирди 11-январда Янгон шаарындагы Аймактык жогорку соттун судьясы Ан Наинг.

“Reuters” агенттиги соттун бүгүнкү тыянагын "кезектеги адилетсиз чечим" деп мүнөздөп, эки журналист "бийликтегилер чындыкты ачыкка чыгарбоону көздөгөнү" үчүн камакта отурганын билдирди.

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын көйгөйлөрүн чагылдырып жүргөн “Reuters” агенттигинин журналисттери, 32 жаштагы Ко Ва Лон жана 28 жаштагы Ко Кья Со Оо былтыр сентябрь айында соттолгон. Аларга коопсуздук операцияларына байланыштуу "жашыруун маалыматтарды ашкере кылды" айып тагылган.

Сот чечимине нааразылыгын АКШ жана Британия баштаган бир катар мамлекеттер билдирип, кабарчыларды бошотууну талап кылып келет.

2017-жылдын август айында Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операциясы убагында каза таап, жүз миңдегени коңшулаш Бангладешке качууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG