Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Акжол Махмудовдун финалдык күрөшү 2018-жылдын эң мыкты беттештерине кирди


(Солдон оңго) Кыргызстандык Акжол Махмудов, рефери жана казакстандык Демеу Жардаев.
(Солдон оңго) Кыргызстандык Акжол Махмудов, рефери жана казакстандык Демеу Жардаев.

Бишкекте 2018-жылы өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатындагы Акжол Махмудовдун беттеши эң мыкты беттештердин катарына кирди. Бул тууралуу Күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнөлүк федерациянын (United World Wrestling) расмий сайтына маалымат жарыяланды.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Акжол Махмудов менен казакстандык Демеу Жардаевдин 77 килограмга чейинки финалдык беттеши 2018-жылы орун алган беттештердин арасынан эң мыкты деп табылды.

28-февралда 72 килограмм салмакта Акжол Махмудов алтын байге үчүн таймашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетип Азия чемпиону аталган. Махмудов финалга чейин үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын ири айырма менен жеңген.

Алгач ал иорданиялык Ахмед Махмудду 12:2, жарым финалда индиялык Кулдееп Маликти 8:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда жапониялык Томохиро Иноуени 7:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган эле.

Бишкектеги Азия чемпионаты Акжол Махмудов үчүн чоңдор арасында алгачкы эл аралык мелдеш болду. Ал буга чейин уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-жыл) болгон. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. Быйыл 2018-жылы Азия оюндарында күмүш, жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынды. (KR).

XS
SM
MD
LG