Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Трамптын Ирактагы үч сааты


Дональд Трамп Ирактагы базада. 26-декарбь, 2018-жыл.
Дональд Трамп Ирактагы базада. 26-декарбь, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп алдын ала эскертпестен, Иракка күтүүсүз келди. Бул анын президенттик эки жылында чыр-чатак аймагындагы өз аскерлеринен биринчи жолу кабар алышы.

АКШ президентин салган учак 27-декабрга караган түнү Ал-Асад аба базасына конду. Бул борбор шаар Багдаддын батышында, Сирия менен чек арага 200 чакырым жете бербеген аймактагы америкалык база.

Президентти жубайы Мелания Трамп, коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жана башка коопсуздук кызматкерлер, журналисттер коштоп келди.

Трамп аскерлерди Рождество майрамы менен куттуктап, Сирия, Ирактан террорчуларды сүрүп чыгарышканына ыраазычылык билдирди.

Ал ортодо журналисттердин бири "Иракка келатканда чочуладыңызбы?" деп сурады.

- Жеке өзүм үчүн эмес, президенттик институт үчүн кооптонуу болду. Биринчи айым үчүн тынчсыздандым. Караңгылатылган, терезеси жабык, эч бир жеринде жарыгы жок учакта кантип келгенибизди көрсөңөр го.

Президент Трамп АКШ Жакынкы Чыгышка 7 триллион доллар короткону менен жашырынып келип жатканына капа экенин кошумчалады. Бирок ал кайсы убактан берки, дал кайсы өлкөлөргө жана кайсы максатка кеткенин тактаган жок.

Дональд Трамп башынан эле "Адегенде Америка" деген саясат жүргүзүп келет. Терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү үчүн башка өкмөттөргө көмөк көрсөткөн четтеги базаларына көп каражат кетерин буга чейин да далай жолу белгилеген. Эми ошол өлкөлөрдөн кайрым болбосо көмөк да кыскарарын эскертип жатат:

- Америка Жер жүзүндөгү бардык улут үчүн күрөшпөшү керек. Көп учурда бизге мунун кайтарымы болбой жатат. Эгер алар биздин кошо күрөшүүбүздү кааласа, төлөшү керек. Кээде акчалай да.

Бир канча жылдан бери өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган жана башка террордук топ менен күрөшүп келген Сирияда азыр АКШнын 2 миңдей аскери бар. Жакында эле Трамп аларды чыгарып кетерин билдирген. Буга өз командасындагы айрымдар да макул эмес. Мисалы, каршылык иретинде коргоо министри Жим Мэттис кызматтан кетүүдө.

Ошентсе да президент чечимин кайрадан кайталап, бул өлкөдөгү калган ишке түздөн-түз кийлигишпей турганын белгиледи:

- Сирияны калыбына келтирүү саясий чечимди талап кылат. Ал чечим анын өтө бай коңшулары тарабынан төлөнүшү керек. Кошмо Штаттар эмес, алар төлөсүн. Алар төлөшөт. Балким окугандырсыңар, Сауд Арабия кечээ планга кошулуп, өнүгүү үчүн сезилерлик каражат бөлдү. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган да “Ислам мамлекетинин” калдыктарын сүрүп чыгарууга макул. Биз алар менен иштейбиз.

Азырынча Сауд Арабиядан бул билдирүүнү ырастаган жооп боло элек. Сирия президенти Башар Асад өлкөсүн калыбына келтирүү үчүн 400 миллиард доллар керек экенин айтканы бар.

Адиль Абдул Махди.
Адиль Абдул Махди.

Ошол эле маалда Иракта америкалык аскерлер кала берет. Трамп аны “Ислам мамлекети” террордук тобунун кайра оожалып кетишине жол бербөө, Ирандын кыймыл-аракеттерине байкоо салып туруу деп чечмеледи.

АКШ президенти Ал-Асадда үч сааттан ашык болгон соң Германиядагы америкалык аскер базасына жөнөп кетти.

Премьер-министр Адил Абдул Махди баштаган Ирактын жогорку бийлик жетекчилиги менен жолугушуу болгон жок. Муну Ирак өкмөтүнүн маалымат кызматы “жолугушуу форматы тууралуу пикир келишпестиктен улам анын ордуна телефондон сүйлөшүштү” деп чечмеледи.

Ал тапта "Рейтер" агенттигинин Ирак парламентиндеги булактары Трамп жолугушууну америкалык базада өткөрүүнү сунуштаганын, Махди андан баш тартканын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG