Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Өмүрбек Текебаев тууралуу китептин бет ачары болот


Өмурбек Текебаев №47 абакта. 23.09.2018. Э.Сабатарованын фотосу.
Өмурбек Текебаев №47 абакта. 23.09.2018. Э.Сабатарованын фотосу.

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин пресс-борборунда Өмүрбек Текебаев тууралуу китептин бет ачары өтөт.

“Миссия” деп аталган китептин бет ачарына Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко катышат.

"Ата Мекен" париясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри жана элчи Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр ар бири сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Айыпкерлер жана алардын адвокаттары кылмыш ишин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтугу” деп баалашкан.

Текебаев өткөн аптада №47 колониядан Улуттук кардиология борборуна дарылануу үчүн которулган.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева аны бошотуу демилгесин көтөрдү. (RK)

XS
SM
MD
LG