Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Жээнбеков: коррупционерлер эл аралап баса албай калгандай болуш керек


Президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрь - Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата атайын билдирүү жасады. Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө Кыргызстанда коррупция менен күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп белгиленген.

Жээнбеков акыркы бир жылда карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан бир топ иштер жасалганын айткан. Президент бир топ тармактарда адам фактору жоюлганын, бизнеске кийлигишүү жана мыйзамсыз текшерүүлөр азайганын буга мисал катары келтирди.

“Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык. Мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек. Элдин ырыскысына суук колун салган чиновниктер эл аралап баса албай кала тургандай кырдаал түзүлүүгө тийиш”,-деп айтылган президенттин билдирүүсүндө.

9-декабрь - Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү катары Бириккен Улуттар уюмунун демилгеси менен жарыяланган.

Былтыр бийликке келген Сооронбай Жээнбеков 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабы башталганын билдирген. Бийлик буга мисал катары Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш иштерин жана мурдагы премьер-министрлерге айып тагылганын айтып келишет. Бирок оппозициячыл топтор жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул күрөш тандалмал жүрүп жатат деген сындарды айтышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG