Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Коррупция боюнча шек саналган министрдин орун басары тергөө бүткүчө камакта болот


Транспорт министринин пара менен кармалган орун басары Азимкан Жусубалиев тергөө аяктагыча камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Кылмышка шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалмакчы.

Транспорт жана жолдор министрин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын эки күн мурда УКМК кабарлаган.

Маалыматка ылайык, Жусубалиев акчаны түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Нарын облусундагы бөлүгү үчүн тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Кармалган министрдин орун басары тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. Андан мурда министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, туугандары болсо ортомчулук милдетти аткарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG