Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Меркел БУУнун миграция боюнча талаштуу келишимин колдоду


Германиянын канцлери Ангела Меркел. 13-ноябрь, 2018-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел. 13-ноябрь, 2018-жыл.

Германиянын канцлери Ангел Меркел бир катар өлкөлөр сындаган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миграциялык келишимин колдоду. Канцлер документ миграциялык кризисти чечүүгө туура жол экенин айтып, көйгөйдү "эл аралык биргелешкен аракет аркылуу гана жөнгө салса болот" деди. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги кабарлады.

Меркел ушул тапта дүйнөдө 70 миллиондон ашуун качкын болсо алардын жарымы балдар экенин эске салды. Бозгундар - дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы 200дөн ашуун чыр-чатактан башын ала качып чыккандар.

БУУ сунуш кылган долбоорго Австралия макул болгон эмес. Бул өлкөнүн бийлиги эл аралык макулдашуу мигранттардын маселесин чечүүдө майнапсыз деп эсептеп, аны качкындарды кабыл алуунун австралиялык программасы менен салыштырды.

Австралиядан башка АКШ, Австрия, Болгария, Венгрия, Израил, Польша жана Чехия эл аралык макулдашууга кол коюудан баш тарткан. БУУдагы 193 өлкөнүн калганы документти жактырган.

Миграция жана качкындар боюнча дүйнөлүк пакт быйыл февралда макулдашылган. 2015-жылы Европа миграциялык ири кризиске туш болгон. Бир жарым миллиондой мигрант Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан Европага кирген.

XS
SM
MD
LG