Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Израил армиясы ХАМАСтын позицияларына сокку урду


Газа сектору. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Газа сектору. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Израилдин армиясы 13-ноябрга караган түнү Газа секторундагы ХАМАС кыймылынын позицияларына сокку урду. Бул тууралуу Израил армиясы "Твиттердеги" барагы аркылуу кабарлады.

"Reuters" маалымат агенттиги жазгандай, дүйшөмбүнүн кечинен бери ХАМАС кыймылы Израил тарапты көздөй 400дөн ашык ракета аткан. Ага жооп катары Израилдин учактары жоочулардын 150дөй позициясына сокку урган. Андан эки тараптан тең бир нече адамдын өмүрү кыйылганы айтылып жатат.

Израилдин аба соккуларынан Газа секторунда 70тен ашык объект талкаланганы, алардын ичинде исламчыл ХАМАС кыймылына караштуу "Аль-Акса" телеканалынын студиясына да зыян келгени кабарланууда.

"The Times of Israel" гезитинин маалыматы боюнча, Израил Газа сектору менен чек ара тарапка кошумча аскерлерди, танкаларды жөнөттү.

Евробиримдик аймактагы соңку кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Аймактагы соңку куралдуу карама-каршылык жекшемби күнү кечинде Израилдин атайын күчтөрүнүн өкүлдөрү Газа секторуна баргандан кийин тутанган.

Бул аймакты башкарган ХАМАС кыймылынын маалыматына караганда, жети палестиналык, анын ичинде кыймылдын командирлеринин бири аймакка кирип келген жөөт аскерлери менен атышуу учурунда каза тапкан.

XS
SM
MD
LG