Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Аун Сан Су Чжи жогорку сыйлыгынан ажырады


Мьянманын чыныгы лидери Аун Сан Су Чжи.
Мьянманын чыныгы лидери Аун Сан Су Чжи.

"Amnesty International" укук коргоо уюму Мьянманын чыныгы лидери Аун Сан Су Чжини өзүнүн эң жогорку сыйлыгынан ажыратты. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга Су Чжинин Мьянмада куугунтукка кабылган рохинжа мусулмандарын коргоп чыга албаганы жүйө катары көрсөтүлгөн.

"Абийир элчиси" аттуу бул сыйлык Су Чжиге 2009-жылы саясатчы үй камагында отурганда ыйгарылган.

"Сиз мындан ары үмүттүн, кайратмандыктын символу жана адам укуктарынын түбөлүк калканчы болуп бере албай калганыңызга бүгүн абдан капа болуп турабыз" деп айтылат уюмдун 12-ноябрдагы билдирүүсүндө.

2017-жылдын август айында Мьянманын Ракхайн штатында миңдеген рохинжа мусулмандары коопсуздук күчтөрүнүн операцияларынун убагында каза таап, 700 миңден ашууну коңшулаш Бангладешке качууга аргасыз болгон. Бириккен Улуттар Уюму басымдуу бөлүгүн буддисттер түзгөн Мьянманын армиясынын мусулман азчылыкка жасаган мамилесин "бир улутка кыргын салуу" аракети катары баалаган. Бирок Мьянманын бийлиги аскердик операцияларга согушкерлер тобунун чабуулу себеп болгонун билдирген.

Бир катар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар 2016-жылы мамлекеттик кеңешчи кызматына дайындалып, Мьянманын чыныгы лидерине айланган Аун Сан Су Чжини "рохинжаларга каршы куугунтукту токтото алган жок" деп сындап чыгышкан.

Су Чжи кезинде Мьянманын аскердик бийлигине каршы күрөшү үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгы өңдүү дүйнөдөгү бир катар абройлуу сыйлыктарга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG