Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Газа тилкесиндеги операцияларда жети киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Израил армиясынын Газа тилкесиндеги операцияларында жети палестиналык каза таап, дагы жетөө жарадар болду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү “Палинфо” маалымат порталы жазды.

Маалыматка караганда, Израилдин атайын даярдыктагы отряды Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарына кирип барып, палестин анклавын көзөмөлдөп турган “Иззедин ал-Кассам бригадасынын” таасирлүү жетекчилеринин бири, 37 жаштагы Нурэддин Салям Баракты жок кылуу операциясын өткөргөн. Мунун артынан аба күчтөрү радикалдардын турумдарына 40тан ашуун ракета аткан.

Израил тарап бир офицер каза болгонун, экинчиси оор жараланганын билдирди. Өз кезегинде “Бригада” командирдин өлтүрүлгөнүн ырастады.

XS
SM
MD
LG