Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

Кыргызстанга паллиативдик медицина үчүн 40 тонналык жардам келди


Кыргызстанда паллиативдик жардам төмөнкү деңгээлде.
Кыргызстанда паллиативдик жардам төмөнкү деңгээлде.

"Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен Кыргызстандагы паллиативдик оорулууларга жардам бериш үчүн АКШдан 40 тонналык медициналык жардам келди.

Бул жардам Оштогу балдар ооруканасына, Улуттук онкология жана гематология борборуна, Ош аймактык ооруканасына жана Токмоктогу аймактык ооруканага бөлүнөт.

Жүктө балдар жана чоңдор үчүн атайын керебеттер, жасалма дем алдыруучу жабдуулар, аба берүүчү концентраттар, ооруну басаңдатуучу системалар, теринин эзилишинин алдын алган каражаттар, тамактандыруучу зонддор, лабораториялык, дартты аныктоочу жабдуулар жана атайын эмеректер бар.

Кыргызстанда паллиативдик жардам төмөнкү деңгээлде. Бул багытта "Сорос Кыргызстан" фондунун көмөгү менен бир нече долбоор ишке ашууда.

Жакын арада аймактардагы ооруканаларда паллиативдик палаталарды ачуу да пландалып жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG