Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү колдоого чакырды


Уланбек Эгизбаев "Алтын калем" сыйлыгын алган ирмем. 22-июнь, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаев "Алтын калем" сыйлыгын алган ирмем. 22-июнь, 2018-жыл.

Экс- президент Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү колдоого чакырды.

Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фондунун бет ачарында билдирди.

Отунбаева фонддун түзүлүшүнө "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин ишмердиги себеп болгонун белгиледи.

Анын пикиринде, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн көптөгөн терс көрүнүштөрдөн арылуу керек. Бул жаатта негизги милдет - коррупция менен күрөш.

Экс-президент коррупцияга каршы күрөштө журналисттер алдыңкы сапка чыгып жатканын айтып, ага коомчулуктун колдоосу маанилүү экенин кошумчалады.

- Дүйнө жүзүндө журналисттик иликтөөлөр коррупциялык көрүнүштөрдүн бети ачат. Андай журналисттер аз болот. Эгемендүү Кыргызстан күчтүү журналисттерди жаратты. Көп учурда каражат жетпейт, шагын сындырат. Ошол маселени чечиш үчүн ушул фонд түзүлүп жатат. Ошондуктан коомчулукту, ишкерлерди бул фондго жардам берүүгө чакырам. Жалаң эле акчалай каражат эмес, экспертиза жана башка нерседе көмөк көрсөтсө болот.

"Азаттыктын" кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте болду.

Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Факт боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда. ​(BkA)

XS
SM
MD
LG