Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Сауд Арабиясы БУУнун Йемен боюнча баяндамасын сынга алды


Йемендик качкындардын Аден шаарынын жанындагы лагери. 27-май, 2018-жыл.
Йемендик качкындардын Аден шаарынын жанындагы лагери. 27-май, 2018-жыл.

Мамлекеттик медиа жарыялаган расмий билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баяндамасы так эмес жазылганы, чаташкан жерлери бар экени, хусит козголоңчуларын колдогон Ирандын ролу эске алынбаганы көргөзүлгөн.

БУУнун иликтөөчүлөр тобу 28-августта жарыялаган баяндамада Йемендеги куралдуу чатактын бардык тараптары эл аралык гуманитардык мыйзамды бир топ жолу бузду деп эсептөөгө жүйөлүү негиздер бар экени, алардын айрымдары “согуш кылмыштарына” барабар болгону айтылган.

Баяндамада ошондой эле Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Йемен акыркы үч жарым жыл ичиндеги укук бузуу фактылары, анын ичинде адамдарды кыйноо, зордуктоо, мыйзамсыз камоо, балдардын урушка тартылышы үчүн жоопкер болушу мүмкүн экендиги да белгиленген.

Йемендеги азыркы куралдуу тирешүү 2014-жылдын соңунда башталган.

Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, анын ичинде борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Андан берки кагылышууларда 10 миңдей адам кырылды, алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар.

Укук коргоочулар курмандыктардын көбү Сауд Арабиясы баштаган араб өлкөлөрүнүн абадан урган соккуларынын натыйжасында мерт болгонун айтып келишет.

Алар Йемендин президенти Абд -Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында башташкан.

БУУ Йемендеги абалды дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG