Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Путин пенсия реформасы жумшартыларын жарыялады


Пенсия реформасына каршы чыккандардын митинги. Москва, 29-июль, 2018-жыл.
Пенсия реформасына каршы чыккандардын митинги. Москва, 29-июль, 2018-жыл.

Орус президенти талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын 29-августтагы телекайрылуусунда жарыялады. Ага ылайык, маселен, эми аялдардын пенсияга чыгуу курагы өкмөт сунуш кылгандай сегиз эмес, беш жылга гана көтөрүлөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун буга чейин биринчи окуудан жактырган.

Бирок Путиндин айтымында, эми жакын арада мыйзамга алымча-кошумча киргизилип, аялдардын пенсия курагы 60ка түшүрүлөт.

Путин ошондой эле үч балалуу энелер пенсияга 57 жаштан, төрт балалуулар 56 жаштан, беш балалуулар 50 жаштан тартып чыга ала турган жобо кирип жатканын да кошумчалады. Пенсия реформасынын зарылдыгын ал өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүрдү.

Азыр Орусияда аялдар 55, эркектер 60 жаштан пенсияга чыга алышат.

Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу өлкө боюнча нааразылык акцияларына түрткү болуп, быйыл жазда кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркына да шек келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG