Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Мьянманын аскердик жетекчилигин эл аралык сотко берүү маселеси козголду


Бангладешке бараткан мьянмалык качкындар.
Бангладешке бараткан мьянмалык качкындар.

Мьянма армиясынын жогорку даражалуу алты жетекчиси рохинжа азчылыгын кыргынга учуратканы үчүн эл аралык сотто жооп бериши керек. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун иликтөөчүлөрүнүн 27-августта жарыяланган баяндамасында айтылат.

Анда аскер жетекчилиги рохинжа мусулмандарын "тукум курут кылууга ниеттенгени", кыргын анын түздөн-түз көзөмөлү менен жүргүзүлгөнүнө күмөн жоктугу белгиленди.

- Мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжи айым Ракхайн штатындагы кесепеттерди сындап же токтотуу үчүн өз позициясын же моралдык ыйгарым укуктарын колдонбогонуна терең өкүнүч билдиребиз. Ушул баяндаманы жарыялоо менен эл аралык коомчулук акыйкатты орнотуу үчүн эле эмес, болочок мыкаачылыкты токтотуш үчүн да реакция кылат деп үмүттөнөбүз, - деди эл аралык өз алдынча иликтөө тобунун мүчөсү Радика Коомарасуами.

Мьянмада мусулман-рохинжалар 2017-жылдын августунда бул өлкөнүн бийлиги тарабынан катуу репрессияга жана зомбулукка кабылган. 700 миңдей рохинжа Бангладешке качууга аргасыз болгон. Кагылыш учурунда жүздөгөн адамдар өлгөнү аныкталган.

XS
SM
MD
LG