Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:30

Италия Еврошаркетке жылдык төлөмдү берүүдөн баш тартарын эскертти


Италия кабыл алуудан баш тартып жаткан мигранттар. 22-август, 2018-жыл.
Италия кабыл алуудан баш тартып жаткан мигранттар. 22-август, 2018-жыл.

Эгер Брюссел качкындарды тең бөлүштүрүү маселесин чечпесе, Италия Евробиримдикке жыл сайын төгүлүүчү каражатты берүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бул туурасында Италиянын вице-премьер-министри Луиджи Ди Майо эскертти.

- Эгер эртең Европа комиссиясынын жыйынында “Дициотти” кемесиндеги мигранттарды бөлүштүрүү боюнча эч кандай чечим болбосо, анда “Беш жылдыз” да (башкаруучу коалицияга кирген кыймыл), мен да жылына Европа Биримдигине 20 млрд. евро төлөм берүүгө каршы болобуз, - деди Луиджи Ди Майо.

Бир аптадан бери Катания портунда токтоп турган, ичинде 177 африкалык мигрант бар "Дициотти" кемесинен 22-августта жашы жете электерге гана жээкке чыгууга уруксат берилген.

Африкадагы Ливия, Сомали, Эритрея мамлекеттеринин жарандарынан турган качкындар Жер ортолук деңизинен куткарылган. Аларды Мальта бийлиги кабыл албай койгондон кийин кеме Италиянын Катания портуна келип токтогон. Бирок Италиянын бийлиги да аларды кабыл алуудан баш тартып, бир катар чакырыктардан кийин гана 27 өспүрүмдү кемеден түшүрүүгө уруксат берди.

Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини Евробиримдиктеги башка өлкөлөр качкындарды кабыл алууга макул болсо гана кемедеги калган адамдар өлкө аймагына киргизилерин билдирүүдө.

Италияга быйыл 1-июлга чейин эле быйыл Евробиримдик өлкөлөрүнүн арасынан эң көп - 16 миң 585 мигрант, ал эми Грецияны, Мальтаны, Кипрди жана Испанияны кошкондо Евробиримдиктин деңиз жээктерине жалпысынан 45 миң 808 мигрант келип түшкөн. (UE/ZB)

XS
SM
MD
LG