Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Деңизде куткарылган мигранттарды Италия киргизбей жатат


Италия - Түндүк Африкадан деңиз аркылуу Европага келген мигранттар биринчи кадам койгон өлкөлөрдүн бири.
Италия - Түндүк Африкадан деңиз аркылуу Европага келген мигранттар биринчи кадам койгон өлкөлөрдүн бири.

Италия Жер ортолук деңизинде бир жума мурда куткарылган 177 мигранттын басымдуу бөлүгүн өлкөгө киргизбей жатат. Үч күндөн бери Катания портунда токтоп турган "Дициотти" кемесинен 22-августта гана жашы жете электерге жээкке чыгууга уруксат берилди.

Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини Евробиримдиктеги башка өлкөлөр качкындарды кабыл алууга макул болсо гана алар өлкө аймагына киргизилерин билдирди. Кемедеги мигранттардын көбү Африкадагы Сомали, Эритрея мамлекеттеринин жарандары.

Италия - Түндүк Африкадан деңиз аркылуу Европага келген мигранттар биринчи кадам койгон өлкөлөрдүн бири. Учурдагы өкмөт иммигранттардын агымын чектөө жана аларды артка кайтаруу сыяктуу катаал чараларды сунуш кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG