Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:49

Пакистанда жаңы парламент ишке киришти


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда жаңы шайланып келген депутаттар бүгүн парламентте ант берип, расмий ишке киришти. Жаңы парламент бул аптанын соңун утурлай спикерди жана анын орун басарларын шайлайт. Андан соң гана депутаттар жаңы премьер-министрдин талапкерлигине добуш беришет.

25-июлдагы парламенттик шайлоодо оппозициячыл саясатчы, мурдагы крикет оюнчусу Имран Хандын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, Улуттук ассамблеяда 115 мандат алган. Бирок коалициялык көпчүлүктү түзүш үчүн талап кылынган 137 мандаттык чекти багындыра алган эмес. Ошентсе да Хан коалиция түзүп, өзү премьер-министр болушу үчүн башка депутаттардын арасында жетиштүү колдоо бар экенин айтып жатат.

Шайлоонун жыйынтыгы менен мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин “Пакистан мусулман лигасы” партиясы Улуттук ассамблеядан 64 орун алган. Ал эми мурдагы премьер-министр, маркум Беназир Бхуттонун 29 жаштагы уулу Билавал Бхутто Зардари жетекчилик кылган Пакистан элдик партиясы 43 мандатка ээ болгон.

Шарифтин партиясы добуштар бурмаланганын айтып, иликтөөнү талап кылган болчу.

XS
SM
MD
LG