Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Курман айт 21-августта белгиленет


Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

"12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүргөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы", - деп жазылган муфтият тараткан маалыматта.

Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Алгачкы топ 25-июлда кеткен.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG