Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Мамлекеттик лотерея компаниясы тираждык лотерея чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик лотерея компаниясы 4-августта "Кыргыз лото" бренди менен "Ала-Тоо" деп аталган тираждык лотерея чыгарып, кымбат баалуу автоунаа жана башка буюмдарды, акчалай сыйлык ойноткону жатат.

Лотерея билеттери 100 сомдон бардык аймактарда сатылып жатканын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик лотерея компаниясы 2016-жылы "Лотерея жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Өкмөт ишканага лотерея ишин уюштуруу, спорт, маданият, билим берүү, илим, искусствону өнүктүрүүгө көмөктөшүү милдетин жүктөгөн.

Былтыр парламент "Лотерея жөнүндөгү" мыйзам долбоорду кабыл алып, экс-президент Алмазбек Атамбаев ага кол койгон. Документке ылайык, жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынып, Мамлекеттик лотерея компаниясы ачылган.

XS
SM
MD
LG