Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Кытайлык казак Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошотулду


Сайрагүл Сауытбай сот залында.
Сайрагүл Сауытбай сот залында.

Алматы облусунун Жаркент шаарындагы сот кытай жараны, улуту казак Сайрагүл Сауытбайды чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, бирок аны Казакстанда калтыруу тууралуу өкүм чыгарды.

Судья Сауытбайга жаза чегерүүдө Казакстан кол койгон БУУнун Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясы эске алынганын айтты. Шаршембидеги өкүмдөн кийин Сайрагүл Сауытбай сот залынан бошотулду.

Ага чейин мамлекеттик айыптоочу Сауытбайдын эрезеге жете элек балдары бар экенин эске алып, ага сыртынан көзөмөл орнотуу менен шарттуу жаза берүүнү жана сот залынан бошотууну суранган. Буга чейинки отурумдарда Сауытбай күнөөсүн мойнуна алып, кандай гана жаза болбосун аны Казакстанда өтөөгө макул экенин айткан.

30-июлда "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин Сауытбайды Кытайга депортация кылбоого үндөгөн. Уюм аны Кытайда түрмө күтүп турганын жана ал жакта кыйноого алынышы мүмкүн экенин белгилеген.

Апрель айында Кытайдан качып келген Сайрагүл Сауытбай Алматы облусундагы Байдибек айылында күйөөсү жана балдары менен жашап жаткан. 42 жаштагы Сауытбайды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 21-майда кармаган. Ага "Хоргос" чек ара бекетинен "мыйзамсыз өткөн" деген айып коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG