Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Мексикада учак кыйрап, жүргүнчүлөрү аман калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мексикада "Aeroméxico" аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы асманга көтөрүлгөндөн беш мүнөт өтпөй жерге кыйрап түшүп, борттогу 103 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн баары аман калды. Бирок шейшемби күнү болгон кырсыктан кеминде 97 киши жабыркаганы белгилүү болду.

Дуранго шаарынан Мехикого жол тарткан "Embraer 190" учагы так эмне себептен кулап түшкөнү азырынча аныктала элек. Бирок бийлик өкүлдөрү кырсыкка аба ырайы себеп болгонун айтып жатышат.

Окуя болгон штаттын губернатору Хосе Росас Аиспуро учак катуу шамалга туш болгонун, мындан улам бир канаты жерге тийип, аздан соң эки мотору иштен чыкканын айтты.

Учак кулап түшкөндөн кийин жүргүнчүлөрдүн көбү өрт башталганга чейин качып чыгууга үлгүрүшкөн. Борттогу адамдар кайсы өлкөлөрдүн жарандары экени айтыла элек.

XS
SM
MD
LG