Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Оштон Анталияга бараткан учак "Манаска" конууга мажбур болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош-Анталия багыты боюнча учуп бараткан учак техникалык себептерге байланыштуу Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна конууга мажбур болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, учак бүгүн эртең менен конгон.

Аба бортунда жалпысынан 89 жүргүнчү болгон. Учак "Авиа траффик" компаниясына таандык экени кабарланды.

“Манас” эл аралык аэропорту кабарлагандай, жүргүнчүлөр тамак-аш жана жатакана менен камсыз болгон. Учак кечке жуук өз багыты боюнча учуп кетет деп пландалууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG