Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Бишкек депутаттарынын көбү мэрликке Азиз Суракматовду сүрөмөй болду


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандады. Мындай чечим коалициянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын “Азаттык” радиосуна шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.

- Бүгүн көпчүлүк коалициянын жыйыны болду. Ошол жерден мэрликке талапкер кылып Азиз Суракматовду колдодук, - деди ал.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет.

46 жаштагы Суракматов мурда Жогорку Кеңештин депутаты, шаардык кеңештин төрагасы болгон.

Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн документтерди кабыл ала баштады.

Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу.

БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал жемкорлук боюнча айыпталып 19-июлда кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG