Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Эгизбаев боюнча экспертизанын акыркы жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат


Уланбек Эгизбаевдин сөөгү өзү-туулуп-өскөн Көк-Жар айылында жерге берилди. 24-июль, 2018-жыл. Кочкор району.
Уланбек Эгизбаевдин сөөгү өзү-туулуп-өскөн Көк-Жар айылында жерге берилди. 24-июль, 2018-жыл. Кочкор району.

“Азаттыктын” кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаев боюнча соттук-медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгы бир айдан кийин чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев 24-июлда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, экспертизанын баштапкы жыйынтыгында журналисттин киши колдуу болгону аныкталган эмес:

- Баштапкы диагноз боюнча, ал чөгүп кеткен. Маркумдун денесинде күчтөп залал тийгизүүнүн издери жок. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерден алыстан тартылган видеотасма алынды, экспертиза жүрүп, күбөлөр суралып жатат.

Буга чейин Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган "Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн убакта күтүүсүз каза тапты.

Милициянын маалыматына караганда, ал Кара-Ой айылындагы “Акун” пансионатында эс алып жүргөндө сууга чөгүп, аны көргөндөр жээкке чыгарышкан. Ал "Тез жардам" менен Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлер өмүрүн сактап кала алган эмес. 23-июлда маркумдун сөөгү Бишкекке экспертизага жеткирилип, эртеси өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.

XS
SM
MD
LG