Экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып журналист иликтөө тармагына ат көтөргүс салым кошуп кеткенин билдирди:
- Уланбек Эгизбаев күлүктүн күлүгү болчу. Ал журналисттик иликтөө деген тармактын башатында турду десем да жаңылышпайм. 28 жаштагы журналист гигантттай болуп, бул жанрды абдан чоң деңгээлге жеткирип кетти. Журналисттик иликтөө болмоюн бизде коррупция, акыйкатсыздык деген дайыма гүлдөй берет. Тилекке каршы, биз Уланбектин күчүн, талантын пайдалана албай калдык. Өтө эрте кетип калды, - деди Роза Отунбаева.
Мурдагы мамлекет башчысы ошондой эле Уланбек Эгизбаев адамгерчилик жагынан, аялга мамиле кылуу жагынан да башкаларга үлгү болуп кеткенин белгилейт.
Эскерүү иш-чарасы "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде өттү. Ага саясатчылар, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрлер, депутаттар, журналисттер жана аны тааныгандар катышты.
Уланбек Эгизбаев чыныгы атуул катары эсте калды
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган.
Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу эле. Ал Кыргызстандын демократиялуу жана сөз эркиндиги толук камсыз кылынган жаркын жана бакыбат келечекке карай адымдоосу үчүн жан дили менен күрөшкөн өз Ата Журтунун чыныгы атуулу катары эсте калды
Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды.
Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келе жаткан.
"Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. (ErN)