Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Жээнбеков: Эгизбаев коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

“Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу катында.

"Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот" деп кошчумчалаган президент.

Курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган.

Бүгүн "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде да маркумду эскерген митинг-реквием болду. Түштөн кийин, саат 14:00дө Ош шаарында журналисттер аллеясында эскерүү жыйыны өтөт. Маркумдун сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.

XS
SM
MD
LG