Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Өкмөт чөгүп каза болгон балдар үчүн ата-эне күнөөлүү экенин эскертти


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп каза болуп жатышына тыюу салынган жерлерде эскертүү белгилеринин жоктугу, сууга түшүү коопсуздугунун эрежелери сакталбай жатышы, анан, албетте, ата-эненин көңүл бурбагандыгы негизги себеп. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова сууда эс алуу коопсуздугуна арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Өмүрбекова эл арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин, буга жергиликтүү бийликти да тартуу зарылдыгын белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жай келгени сууга чөгүп каза болгондор көбөйүүдө.

Акыркы мисал – Бишкекте бир жума мурда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен алты жаштагы баланын сөөгү бүгүн гана табылды.

XS
SM
MD
LG