Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Маалымат департаменти Финполициянын билдирүүсүнө жооп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникация департаменти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) козгогон кылмыш ишине байланыштуу өз пикирин билдирди. Тиешелүү маалымат департаменттин өзүнөн алынды.

Департамент "санарип сигналдарын жеткирүүчү ишканада дээрлик 82 миллион сомдук жемкорлук аныкталды” деген маалымат чындыкка дал келбесин, мамлекеттик бюджет зыян тартпаганын айтууда.

“Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана ал ортодогу түшүнбөстүктүн натыйжасында келип чыкты. Санарип телекөрсөтүүгө өтүп жаткан учурда трансляциясын мамлекет каржылаган телеканалдардын социалдык пакетине ар кандай сандагы телеканалдар (техникалык параметрлер боюнча эң көбү – 15) кирген болчу. Бирок төлөө үчүн эсептерди департаментке берип турган (Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси) РПО РМТР ишканасынын адистери санарип каналдар трансляция болгондо кеп бирдиктүү, бөлүүгө мүмкүн эмес, үзгүлтүксүз агым тууралуу жүрүп жатканын айтышкан. Демек, бул агымда кандай гана сандагы телеканал болбосун, алардын трансляциясы каналдардын саны жана бир суткадагы көрсөтүүлөрүнүн көлөмүнө карабастан бирдей болгон. Департамент каналдарды Соцпакетке алардын тиешелүү процедуралардан өтүшүнө жана өкмөттүн чечимдерине жараша киргизип жатты. Демек, мамлекетке келтирилген кайсы бир зыян тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес” деп айтылат департаменттин жообунда.

Финансы полициясы санарип телекөрсөтүү сигналдарын элге жеткирүүчү ишканада жемкорлук фактылары болгонун бейшемби күнү билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы Теле жана радионун радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси 15 каналда суткасына 24 саат санарип көрсөтүүлөрдү берип жатканын айтканы менен иш жүзүндө каналдардын саны 10дон ашпаганы аныкталганын жана мамлекеттик бюджетке дээрлик 81 миллион 600 миң сомдук зыян келтирилгенин кабарлаган.

Финансы полициясы чогулткан материалдардын негизинде Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) беренесинин негизинде иш козгогон.

Маалымат жана массалык коммуникация департаменти бул ишке байланыштуу сотко кайрылуу укугу бар экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG