Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды (видео)


Канат Исаев.
Канат Исаев.

Эки кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Исаевдин адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүүнү соотон өтүнгөн.

Канатбек Исаев былтыр 30-сентябрдан бери камакта болчу. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иштери боюнча коррупция айыбы коюлган.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата "Коррупция" беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти "мөөнөтү өттү" деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. (BkA)

Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:09 0:00

XS
SM
MD
LG