Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Трамп Хелсинкиде «жаңылыш» сүйлөп алганын билдирди


Владимир Путин менен Дональд Трамп.
Владимир Путин менен Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинкидеги басма сөз жыйынында айткан айрым сөздөрүнүн маанисин оңдоого аракет кылды. Трампты сындагандар кечээтен бери анын атайын кызматтарга караганда Путинге көбүрөөк ишенерин айткан сөздөрүн катуу талкуулашууда.

17-июлда президент Ак үйгө журналисттерди чогултуп, Орусиянын президентине караганда атайын кызматтагыларга көбүрөөк ишене тургандыгын билдирди.

- Мен “болушу мүмкүн эмес” дегендин ордуна “болушу мүмкүн” деп айттым. Ал жерде “бул эмне үчүн Орусия болбошу керек экенин мен көрө албай жатам” деп айтылышы керек болчу, – деген Трамп Орусия менен байланышта болуу жана дипломатия касташуу менен чырга караганда артык экенин кайталады.

Ал Орусиянын АКШда 2016-жылы өткөн шайлоого кийлигишкендиги тууралуу чалгын кызматынын корутундусу менен макул экенин айтып, бирок ал аракеттер добуш берүүнүн жыйынтыктарына эч кандай таасир этпегенин белгиледи.

Трамптын бул билдирүүсүнөн бир канча мүнөт мурда Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл Москвага быйылкы шайлоого кийлигишпөө керек экенин эскертип, болбосо Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген.

Трамптын Брюсселде жана Хелсинкиде сүйлөгөн сөздөрүн Республикалык партиянын көрүнүктүү мүчөлөрү, демократтар, АКШнын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү жана журналисттер катуу сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG