Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Трамп: "Орусия менен алакабыз азыркыдай начарлаган эмес"


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Финляндиянын лидери Сауле Ниинистё. 16-июль, 2018-жыл.
16 July 2018
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Финляндиянын лидери Сауле Ниинистё. 16-июль, 2018-жыл. 16 July 2018

АКШнын лидери Дональд Трамп эртең мененки тамак үстүндө фин президенти Сауле Ниинистё менен жолугарда журналисттерге Финляндия "өтө меймандостук" көрсөткөнүн белгилеп, НАТО буга чейин болуп көрбөгөндөй кубаттуу болорун айтты. Эки лидер жубайлары менен бир саатка чукул тамактанышты.

Трамп менен Ниинистё соңку күндөрү ушуну менен экинчи жолу кездешти. Алар буга чейин Брюсселде өткөн НАТОнун саммитинде жолугушкан. Буга чейин фин маалымат каражаттары жазгандай, эки президент Трамп менен Путиндин жолугушуусун дагы талкуулашты.

Фин лидерине жолугардан мурун Трамп "Твиттер" баракчасына Орусия менен алакалардын начарлап кетишине – Кошмо Штаттар гана "жооптуу экенин" жазды. "АКШнын көп жылдык ойлонбой жана акылсыз жүргүзгөн [cаясатынан] улам Орусия менен мамилебиз мурда болуп көрбөгөндөй сууду" - деп жазды.

Түштөн кийин Орусиянын лидери Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүү өтөт. Ага удаа делегациялардын катышуусунда жолугушуу уланат. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат бештерде эки лидер чогуу басма сөз жыйынын өткөрөт.

Путин менен Трамп көзмө-көз кайсы маселелерди талкуулары азырынча беймаалым. Хельсинки саммитинин күн тартиби жарыяланган жок.

Буга чейин Путин менен Трамп Украинанын чыгышындагы кырдаалды, Орусия аннексиялаган Крым темасын козгошору айтылган. Ошондой эле өзөктүк курал жана аны жайылтоо маселесине да кайрыла тургандыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG