Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Баткенде төрт киши чөгүп өлгөн көлмө кайтарууга алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Июль айынын башынан бери төрт киши чөгүп каза болгон Кадамжай районунун Абсамат Масалиев айыл аймагында көлмө көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 10-июлда “Азаттыка” билдирди.

Маалым болгондой, жеке ишкерлер тарабынан Исфайрам дарыясынын четинен кум-шагыл алып туруш үчүн суу топтолгон карьер чоң көлмөгө айланып калган. Акыркы он күн ичинде бул карьерде сууга түшүп, 47 жаштагы Ы.Самидинов, 18 жаштагы Р.Бостонов, 16 жаштагы Р.Бостонов, 17 жаштагы С.Абдуллаева каза болуп калган.

Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев окуя болгон жерде, Баткен облусунун коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешмесинин көчмө отурумун өткөрдү. Ал кум-шагыл алуу үчүн карьер казып, бирок жарандардын коопсуздугун эске албаган ишкерге да чара көрүүнү укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырды. Облус жетекчисинин тапшырмасы менен учурда жарандардын өмүрү үчүн кооптуу болгон карьер тийиштүү органдар тарабынан кайтарууга алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2018-жылдын башынан бери Кыргызстанда сууга агып жана чөгүп 57 адам каза болгонун 9-июлда билдирген. Мунун ичинен 35и сууга түшүү сезону башталгандан бери каза болгон. Былтыр 144 адам сууга түшүп же агып кетип каза тапкан. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG