Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Өзбекстан Гүлнара Каримованын акчасын кайрып алууга аракеттенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы туңгуч президент Ислам Каримовдун азыр абакта отурган кызы Гүлнара Каримованын Швейцариядагы акчасын кайтарып алуу боюнча иштер жүрүп жатканын ырастады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы "Podrobno.uz" сайтына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сурайё Рахманованын маалыматына караганда, азырынча Швейцариянын прокуратурасы менен сүйлөшүүлөр аяктай элек.

2015-жылы августта Ташкент соту Гүлнара Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Өткөн аптада адвокаттар Гүлнара Каримова менен жолукканы айтылган.

Гүлнара Каримованын Швейцария банктарында камакка алынган каражатынын жалпы суммасы 800 миллион франкты түзөт. 18-июнда Щвейцариянын банктары 800 миллион франктын 686,7 миллионун тез арада берүү тууралуу Өзбекстандан ордер келгенин жарыялаган.

Гүлнара Каримова төрт жыл мурда, атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынган. Анын швейцариялык адвокаты Грегоир Мангеттин айтымында, Каримова Ташкенттен болжолу үч сааттай аралыктагы абакта жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG