Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Украинанын омбудсменине Олег Сенцов менен жолугушууга уруксат берилген жок


Людмила Денисова.
Людмила Денисова.

Украинанын омбудсмени Людмила Денисовага Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан украиналык режиссер Олег Сенцовго жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу ал 28-июнда өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды. Акыйкатчы 44 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Сенцовго жолугушуу үчүн бүгүн барган. Денисова Ямало-Ненецк аймагына Орусиянын омбудсмени Татьяна Москалькова менен бир учакта учканын, бирок орусиялык кесиптеши аба бекетинен ары өзүнчө кетип калганын билдирди.

Бир канча сааттан кийин Денисова “Фейсбук” баракчасына ага Олег Сенцов менен кездешүүгө уруксат бербей коюшканын жазды. Ошол эле кезде орусиялык омбудсмен Татьяна Москалькова Сенцов менен жолугуп чыккан.

“Москалькова менин жанымдан өттү жана мени даана көрдү. Мындай атайылап жасалган жүрүм-турум менен ал эки президент жетишкен макулдашууну кантип аткарат деген суроо пайда болот. Мага бардык украин саясий туткундары менен жолугуша алат деген Орусия президенти берген кепилдиктер тууралуу айтпай эле койоюн" деди Людмила Денисова.

Ал эми Сенцов менен бир саат сүйлөшкөнүн айткан орус акыйкатчысы Татьяна Москалькова украин режиссерунун абалын "канааттандырарлык" деп билдирди.

“Сенцов жакшы эмоционалдык абалда экен: басып, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды билип турат, телевизор, жаңылык, футбол көрүп, жаңы фильмине сценарий жазып жатыптыр” деди Москалькова.

Бирок украин омбудсмени Москалькованын айткандарына ишенбесин айтты. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Марианна Бетса болсо, “Орусияны саясий оюндарды жасап жатат” деп сындады.

Мурдагы жетишилген макулдашууларга карабай, Денисовага Сенцов менен жолугууга 15-июнда да мүмкүнчүлүк берилген эмес.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 44 күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал Кремлге жиберген билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG