Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

Шадиевден сессияга катышпай жаткан себебин көрсөткөн документ келе элек


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевден парламент жыйындарына эмне себептен катышпай жатканын түшүндүргөн документ келе элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева “Азаттыкка” кабарлады:

- Шадиевдин арызы жок. Мисалы, өткөн жумада ал келбей калды. Бизде атайын бөлүмдө анын эсеби бар. Өзү келбей калса, документти жөнөтүшү керек. Дарыланып жаткан жеринен бюллетень, чет өлкөгө чыгып кетсе ал жактан ооруп жатканын тастыктаган маалымат келсе комитет карайт. Бирок эч кандай документ келген жок.

Шадиев апрелдин соңунан тартып парламенттин 20дан ашуун пленардык жыйынына катышкан эмес. Мыйзам боюнча депутат себепсиз 30 пленардык жыйынга катышпай калса анын мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Анын комитет, фракция жыйындарына катышпай жатканы да эске алынат.

Башкы прокуратура КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу 28-апрелде Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен ишин козгогон. Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле келе элек.

УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG