Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

ОшМУга кызматтык үй үчүн жер бөлдүрүү сунушу парламентте колдоо тапты


ОшМУнун имараты.
ОшМУнун имараты.

Ош мамлекеттик университетинин окутуучуларына турак жай салыш үчүн жер бөлүп берүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында колдоо тапты. “Ата Мекен” партиясынын демилгеси менен өкмөткө жана Ош мэриясына ушул маселени карап чыгуу жөнүндө сунуш берилмей болду.

Токтом долбоорунун автору, депутат Каныбек Иманалиев ОшМУ Борбор Азия боюнча уникалдуу жогорку окуу жайына айланганын, 30 миңге жакын студентке билим берип, окутуучуларына 30-58 миң айлык төлөп берип жатканын айтып, алардын турак жай маселесин да чечип келатканын кошумчалады:

- Университет бир жылда 5 миллион доллар инвестиция тарткан. Эң кызыгы, өз эсебинен 125 мугалимге үй салып бериптир. Жада калса өкмөт да бул маселени чече албай жатат.

Демилгечилер университеттин окутуучуларына кызматтык батирлерди салыш үчүн там курууга жер сурап мэрияга 5-6 жолу кайрылуу болгонун, бирок маселе чечилбей жатканын айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG