Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

Европа кеңешинин баш катчысы Путинден Сенцовго ырайым берүүнү өтүндү


Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.
Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.

Европа кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд орус абагында отурган украин режиссеру Олег Сенцовго ырайым берүүнү өтүнгөн расмий кайрылуусун жиберди. Бул тууралуу “Америка үнү” радиосуна Европа кенешинин басма сөз кызматы билдирген. 20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 42 күндөн бери ачкачылык кармап жатат.

Баш катчы Ягланд Адам укуктарынын европалык конвенциясына ылайык ырайым берүү жөнүндө өтүнүч кат жиберүүгө укуктуу.

20-июнда Ягланд Москвада тышкы иштер министри Сергей Лавров жана акыйкатчы Татьяна Москалькова менен жолугушуп, орус бийлигин Сенцовду бошотууга үндөгөн.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал Кремлге жиберген билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG