Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Өзбекстан терроризмге шектүү катары кармалган АКШ жаранын бошотту


Закир Алиев.
Закир Алиев.

Өзбек бийлиги ""Өзбекстан ислам кыймылы" террордук уюмунун иш-аракеттерине катышкан" деген шек менен кармалган АКШ жараны Закир Алиевди бошотту.

Закир Алиев 22-июнда өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулганын "Борбор Азия жаңылыктар кызматына" билдирди.

18-июнда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алиев терроризмге шектүү катары кармалганын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2000-жылы «Өзбекстан ислам кыймылынын» катарына кошулуп, ооган согушкерлери тарапта Ооганстандын жана НАТО жетектеген коалициянын күчтөрүнө каршы согушкан.

46 жаштагы Закир Алиев көптөгөн жылдардан бери Өзбекстанда калган туугандары менен көрүшө элек болчу. Шавкат Мирзиёев 1991-жылдан кийин чет өлкөлөргө кеткен өзбекстандыктарга кайрылган соң ал туугандары менен көрүшкөнү мекенине келүүнү чечкен.

25 жыл мурда Өзбекстандан чыгып кеткен Закир Алиев АКШда салык жана каржы кызматтарын көрсөткөн жеке компанияда иштейт.

"Өзбекстан ислам кыймылы" Өзбекстанда, АКШда, Улуу Британияда, Австралияда, Канадада, Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG