Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Искендер Матраимов: иним Кыргызстандан качпайт


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстанда экенин анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” билдирди. Ал инисин эч ким издебегенин кошумчалады.

- Кудайга шүгүр, аны эч ким издеген деле жок, ал ушул жакта эле жүрөт.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Райымбек Матраимовду камоо тууралуу чечим чыкканын жана ал “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан. УКМК бул маалыматты тастыктаган жок. Мамлекеттик чек ара кызматы жарандардын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат сот, укук коргоо органдарына гана берилерин билдирди.

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG