Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

Илим Карыпбеков: КТРК өз алдынча болушу үчүн мыйзамды өзгөртүү зарыл (видео)


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков «КТРК бир жактуу иштеп жатат” деген айыптоолорду токтотуш үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулуп жатканда айтты:

- Мына, айтып жатасыздар, "буларга акыйкатты, көз каранды эместикти камсыз кылып бергиле" деп. Кол астыңарда мыйзам бар. Ошол мыйзамга анда “мамлекеттик органдар КТРКнын редакциялык ишине кийлигишүүсүнө таптакыр тыюу салынат. Ал эми мамлекеттен каржы кепилдик түрдө берилет” деген норманы киргизиш керек.

Депутаттардын “саясий каралоо, бир тараптуу маалымат кетүүдө” деген айыптоолоруна Карыпбеков “биз мамлекеттен берилип жаткан маалыматты эч тоскоолдуксуз ошол боюнча гана берүүгө милдеттүүбүз” деп жооп берди.

Бүгүн парламентте Байкоочу кеңештин 2017-жыл үчүн отчету угулуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG