Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Токтошев: КТРК “Белизгейт” жалаасы үчүн жооп бериши керек (видео)


КТРК имараты.
КТРК имараты.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары "КТРК калыс иштебей жатат" деп бүгүнкү жалпы жыйында айтып чыгышты.

Депутат Эмил Токтошев "“Белизгейт” каралоосу өтө уят иш болду. Бир күн эмес, бир жума караладыңар. Буга да келечекте жооп бересиздер" деди.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев ""Шыкмаматов, Текебаев, Салянова 26 миллион доллар уурдады" дедиңер. Бир тыйынын далилдеген жоксуңар. А булардын бала-бакырасы, эл-журту бар да. Силерде адамкерчилик деген барбы?" деген оюн айтты.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев депутаттардын сынына жооп берип жатып: "Кыргызстан аябай саясатташып кеткен. Эч качан баарын канааттандыра албайт экенбиз. Бардык көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөп, тиктеп отура албайбыз" деп жооп берди.

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 2016-жылы Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн тастыктаган документтер Белизден алынганы ырасталганын билдирген. Бул сюжеттер КТРКдан байма-бай көрсөтүлүп турган.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков буга чейин "телеканал атайын кызматтын мурдагы төрагасы Сегизбаевдин көрсөтмөсү менен саясий авантюрага аралашкан" деген дооматка макул эместигин, "Белизгейт" иши боюнча сотко берип, сот аркылуу маалыматтын чындыкка дал келбесин далилдей алган учурда гана аны төгүндөөгө бара турганын “Азаттыкка” билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG