Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

КТРК сатып алган көчмө телестанция боюнча иликтөө жүрүп жатат (видео)


КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков.
КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2017-жылдын аягында сатылын алынган көчмө телестанция боюнча текшерип жатат. Бул тууралуу КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков Жогорку Кеңештеги Байкоочу кеңешинин отчетун угуу жыйынында билдирди.

- Каныбек Капашевич "көчмө студия 1,5 миллион долларга алыныптыр" деп айткан. Ал чын. Ал эми Интернет булактарда анын баасы бир эле миллион экен. "500 миң доллар ашыкча алыныптыр" дегенден кийин АКС (УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы - ред.) келип, бул боюнча толук маалыматын алып, азыр текшерүү жүргүзүп жатат, - деди Илим Карыпбеков "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып.

Эсеп палатасынын жетекчиси Улугбек Марипов бул боюнча учурда аудит жүрүп жатканын айтып, анын жыйынтыгы азырынча чыга элек экенин кошумчалады.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында заманбап, санариптик телеберүүнүн талаптарына жооп берген жаңы көчмө телестанция 2017-жылы ноябрда ачылган. Анда Илим Карыпбеков техниканын баасы 1 миллион доллардан ашаарын, каражат өкмөт берген 70 миллион сом ссуданын жана президенттик шайлоодо коммерциялык берүүлөрдөн түшкөн акчанын эсебинен алынганын “Азаттыкка” билдирген. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG