Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Скрипалдарды дарылаган догдурлар интервью беришти


Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө.
Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө.

Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль кызы Юлия менен дарыланган оорукананын дарыгерлери аларды кантип куткарып калышканын биринчи жолу айтып беришти. BBC менен болгон маекте Солсбери бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнүн консультанты Стивен Жукс дарыгерлер Скрипалдар нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын билгенден кийин алар аман калбайт деп ойлошконун айтып берди. Оорукананын башкы дарыгери Кристиан Бланшард болсо бейтаптардын саламаттыгы келечекте начарлашы мүмкүн экенин айтты. Медиктер берген интервью бүгүн эфирге чыкмакчы.

Ошол эле затка Скрипалдар табылганда окуя болгон жерге барган полициячы Ник Бейли да кабылган.

Экс-тыңчы кызы экөө 4-мартта эс-учун жоготкон абалда бейтапканага жеткирилген. Бир нече күн бою экөө тең комада жатышты. Лондон башынан эле Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва тураарын, аларга каршы советтик окумуштуулар ойлоп тапкан "Новичок" деген зат колдонулганын айтып келатат. Москва айыптоолорду четке кагууда.

Юлия апрелдин башында, атасы болсо майдын ортосунда ооруканадан чыккан.

XS
SM
MD
LG