Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:12

Сапар Исаков: Атамбаев менен чогуу аткарган ишибиз ак болчу (видео)


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге иштөөдө биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алганын айтууда. Бүгүн парламент алдында сүйлөп жатып ал жасаган иштери ак экенин белгиледи:

- 2010-жылдан баштап биз Алмаз Шаршенович менен чогуу бир команда болуп алдыбызга бир нече максат койдук эле. Ал максаттардын ичинде “Датка-Кемин”, ЖЭБ, Түштүк-Түндүк жолу боюнча долбоорлор. Темир жол долбооруна үлгүрбөй калдык. Бирок мен чын дилимден айткым келет – биз жасаган иштер, кадамдар абдан ак болчу. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кайсы гана маселе талкууланбасын, өзүбүздүн мамлекеттик кызыкчылыктарга таянганбыз.

​Жогорку Кеңеш үч күндөн бери ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, аны негиз кылып токтом кабыл алды. Токтомго жыйынга катышкан 106 депутат “макул” деген добуш берди, каршылар болгон жок.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жетекчилер жооп берди. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Парламент ЖЭБ чуусуна байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун иш-аракеттерине укуктук баа берүүнү көрсөтүү сунушун колдоду. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин бул сунушун Жогорку Кеңештин токтомуна кошууга 96 депутат “макул”, 3 депутат “каршы” деп добуш беришти.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG